
Бул китептин максаты окурманга библиялык талкуулоонун принципте-рин түшүндүрүп гана берүү эмес, аларды насаат даярдоодо же Библияны жеке изилдөөдө колдонууга үйрөтүү да болуп саналат. Студенттерге үлгү-насаат аңгемелерди талкуулоонун жети эрежесин, аллегорияларды талкуу-лоонун беш эрежесин, пайгамбарчылыктарды талкуулоонун сегиз эрежесин берсең, алар бул эрежелерди бүтүрүү экзаменине жаттап келишет, бирок эстеринде көпкө сактап жүрө алышпайт. Буг... show more