
Николай Алексеевич Александренконун (1922-2015) тагдыры өзгөчө тагдыр болгон. Аны бала чагында жашоо жакшылык менен жамандыктын, кубаныч менен азап-кайгы-нын ортосундагы күрөш талаасы катары тосуп алган. Дүйнөлүк экинчи согуштун убагында ал чек аранын сыртында калып калган, 50 жылдан ашуун убакыт ошол жакта жашаган. Ошол жылдар аралыгында ал Луизиана штатындагы университетте сабак берген. 1990-жылдагы дин тутуу эркиндиги Николай Алексеевичти Одессага чакырган.